Нарын: Эмгекчил айылында 150 орундуу мектеп курулууда
28 ноябрь

Нарын: Эмгекчил айылында 150 орундуу мектеп курулууда

Нарын облусунун Нарын районундагы Эмгекчил айылында 150 орундуу мектеп курулууда. Долбоор Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан ишке ашырылып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда.

Объекттин жалпы наркы 135 миллион сомду түзөт.

Архитектуралык долбоорго ылайык, мектептин окуу корпусу эки кабаттуу болуп, өтмө галерея жана спорт залы каралган. Окуу корпусунда окуучулардын билим алуусу үчүн бардык зарыл шарттар түзүлөт. Имараттын жалпы аянты 1604 чарчы метрди түзөт.

Мектептин курулушу 2025-жылдын сентябрь айында башталган. Бүгүнкү күндө имараттын биринчи кабатынын дубалдары тургузулду.
Курулуш иштеринин сапаты жана жүрүшү Курулуш министрлигине караштуу тиешелүү департаменттер тарабынан көзөмөлдөнүүдө.