Мыйзамсыз курулуш: котлованды кайра көмүү үчүн компанияга беш күндүк мөөнөт берилди
28 ноябрь

Мыйзамсыз курулуш: котлованды кайра көмүү үчүн компанияга беш күндүк мөөнөт берилди

27-ноябрда Бишкек шаары, Жал-23 кичи районунун Курчатов көчөсү 95 жана 97 даректеринде курулушка уруксат берүүчү документтери жок көп кабаттуу турак жайдын курулушу токтотулуп, мыйзамсыз курулуш үчүн “Мега Трест” ЖЧКсына карата тиешелүу чаралар көрүлдү.

Тактап айтканда, аталган даректе көп кабаттуу турак жай куруу максатында тиешелүү уруксат документтери жок, өз билемдик менен жер казуу иштери башталган.

Буга чейин Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Бишкек шаардык башкармалыгы тарабынан компанияга мыйзам бузууларды жоюу боюнча бир нече жолу эскертүү жана милдеттүү көрсөтмөлөр берилген. Бирок компания белгиленген талаптарды аткарган эмес.

Ал эми 2026-жылдын 27–29-октябрында жүргүзүлгөн пландан тышкаркы текшерүүнүн жыйынтыгында компанияга 200 000 сом айып пул салынган.

Натыйжада, объектидеги курулуш-монтаждоо иштери толук токтотулуп, ага мөөр басылды. Ошондой эле “Мега Трест” ЖЧКсынын курулуш лицензиясы жокко чыгарылды. Мындан сырткары, компанияга котлованды кайра көмүп, жер тилкесин баштапкы абалына келтирүү үчүн беш күндүк мөөнөт берилди.

Курулуш министрлиги бардык компанияларды курулуш иштерин мыйзам талаптарына ылайык, тиешелүү уруксат берүүчү документтердин негизинде гана жүргүзүүгө чакырат. Белгиленген талаптарды бузган учурда мыйзам чегинде чаралар көрүлөт.