Манас шаарында алдамчылыкка шектелген эки жаран кармалды
2026-жылдын 19-сентябрында Манас шаарынын 1979-жылы туулган тургуну Б. Ж. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда, мурда тааныш эмес эки аял кыз узатуу иш-чарасын өткөрүп жатышкандыгын айтып, ишенимине кирип, жалпы баасы 95 300 сомдук кыздын себине керектелүүчү буюмдарды карызга алып, төрт күн ичинде акчасын төлөп берүүнү убада кылышкан. Бирок акчасын төлөбөй, байланышын үзүп, жашырынып кетишкен.
Аталган факты Манас ШИИБ тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Кылмыш ишинин алкагында 1988-жылы туулган А. А. жана Ч. Т. аттуу жарандар 2026-жылдын 27-ноябрында КР КЖПКнын 96-беренесинин негизинде кармалып, Манас ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Мындан тышкары, аталган жарандарга карата алдамчылык фактысы боюнча дагы төрт кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
