Кыргызстан 2027–2030-жылдарга карата саламаттык сактоо жана климат жаатындагы аймактык кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарын белгиледи
28 ноябрь

Кыргызстан 2027–2030-жылдарга карата саламаттык сактоо жана климат жаатындагы аймактык кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарын белгиледи

Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Саламаттык сактоо тармагындагы кызматташтык боюнча кеңешинин 27-ноябрда Ташкент шаарында (Өзбекстан Республикасы) өткөн XXXIX жыйынынын алкагында Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Борбор Азиядагы ден соолук жана бакубат жашоо маселелери боюнча 2027–2030-жылдарга карата Экинчи Жол картасын ишке киргизүүгө арналган иш-чарага катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө министр аймактык кызматташтыкты өнүктүрүүдөгү Кыргыз Республикасынын артыкчылыктуу багыттарын белгилеп, калктын саламаттыгын коргоо, климаттын өзгөрүшү жана туруктуу өнүгүү маселелерине комплекстүү мамиле жасоонун зарылдыгын баса белгиледи. Олуттуу көңүл географиялык жана климаттык өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу климаттын өзгөрүшүнүн таасирине көбүрөөк дуушар болгон тоолуу жана алыскы аймактардын тургундарынын ден соолугун сактоого бурулду.

Бул маселелерди чечүүдө эл аралык өнөктөштүктүн жана аймактагы өлкөлөрдүн күч-аракеттерин бириктирүүнүн маанилүүлүгү белгиленди. Ушул өңүттө министр 2026-жылдын 18–19-июнунда Бишкек шаарында өткөн тоолор, климаттын өзгөрүшү жана ден соолук маселелери боюнча Эл аралык конференциянын маанисин баса белгиледи. Аталган конференция илимий жана практикалык тажрыйба алмашуу, климаттык тобокелдиктерди жана алардын калктын ден соолугуна тийгизген таасирин талкуулоо үчүн аянтча болуп берди.

Мындан тышкары, Ысык-Көлдү сактоо маселесине өзгөчө көңүл бурулду. Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун көлдү сактоо максатында БУУнун жетекчилиги алдында атайын эл аралык трасттык фонд түзүү демилгеси белгиленип, Кыргызстандын мамлекеттик бюджетинен алгачкы төгүм катары 10 млн АКШ долларын бөлүү каралганы айтылды.

Башка артыкчылыктуу багыттардын катарында Борбор Азиядагы мөңгүлөрдү изилдөө, алардын эришинин суу ресурстарына, тоо экосистемаларына жана калктын ден соолугуна тийгизген кесепеттерин баалоо жаатында илимий жана эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү белгиленди. Ошондой эле келерки жылы Кыргызстанда өтө турган «Бишкек+25» аттуу Экинчи глобалдык тоо саммитине даярдык көрүү маселеси айтылды. Саммит тоолуу аймактардын туруктуу өнүгүү күн тартибин илгерилетүү үчүн маанилүү эл аралык аянтча болот.

Улуттук саламаттык сактоо системаларын өнүктүрүү тууралуу сөз кылып жатып, Дамир Осмонов баштапкы медициналык-санитардык жардамды мындан ары чыңдоонун, кадрдык потенциалды өнүктүрүүнүн, медициналык мекемелердин климаттык тобокелдиктерге туруктуулугун жогорулатуунун жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосунда кесиптик тажрыйба алмашууну кеңейтүүнүн зарылдыгын белгиледи.

Кыргыз Республикасы Экинчи Жол картасын ишке ашырууга активдүү катышууга даяр экенин тастыктады. Анын алкагында Борбор Азия өлкөлөрү, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жана эл аралык өнөктөштөр менен биргеликте 2027-жылга карата биргелешкен иш планын даярдоо да каралган.

Кыргызстандын аймактык Жол картасын ишке киргизүүгө катышуусу эл аралык өнөктөштүктү чыңдоого жана калктын ден соолугу, климаттык туруктуулук, экологиялык коопсуздук жана Борбор Азиянын туруктуу өнүгүүсү маселелерин бириктирген комплекстүү күн тартибин илгерилетүүгө өлкөнүн берилгендигин чагылдырат.