Манас шаарында КРСУнун филиалы ачылышы мүмкүн
Манас шаарында Кыргыз-Орус Славян университетинин филиалын ачуу маселеси талкууланды. Бул тууралуу Манас шаардык мэриясынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, жолугушууга Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов, Кыргыз Республикасынын президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Исламбек Увайдиллаев, Манас шаарынын мэри Уларбек Исмаилов жана Кыргыз-Орус Славян университетинин ректору Сергей Волков катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө университеттин филиалын Манас шаарында ачуу демилгеси талкууланып, бул багытта тиешелүү сунуштар каралды. Атап айтканда, филиалды жайгаштыруу үчүн ылайыктуу жер тилкелерин жана имараттарды аныктоо, ошондой эле долбоорду ишке ашыруунун уюштуруучулук жана практикалык мүмкүнчүлүктөрү боюнча пикир алмашуу болду.
Белгилей кетсек, Кыргыз-Орус Славян университетинин расмий сайтында жарыяланган 2026-жылдагы кабыл алуу өнөктүгүнүн жыйынтыгына ылайык, 30-сентябрга карата окуу жайга 3 782 абитуриент кабыл алынган. Алардын 289у Жалал-Абад облусунан барган.
