Кыргызстан менен Болгария Кара деңиз порттору аркылуу жүк ташуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты 
Сүрөт ачык булактардан алынды
26 ноябрь

Кыргызстан менен Болгария Кара деңиз порттору аркылуу жүк ташуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты 

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде Болгариянын Кыргызстандагы элчиси Георги Воденски баштаган делегация менен жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу ведомстводон кабарлашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн ортосундагы эл аралык транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүү, кыргызстандык экспорттук жана транзиттик жүктөрдү Европа рынокторуна жеткирүүнүн альтернативдүү маршруттарын кеңейтүү маселелери талкууланды.

Ошондой эле эл аралык жүк ташуулар үчүн эки өлкөнүн ортосундагы уруксат кагаздарынын алмашуу санын көбөйтүү маселесине көңүл бурулду.

Мындан тышкары, Болгариянын Варна жана Бургас шаарларындагы Кара деңиз портторун пайдалануу мүмкүнчүлүктөрү каралды. Атап айтканда, аталган порттор аркылуу кыргыз жүктөрүн ташуу маршруттарын аныктоо, паромдук кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу, жүктөрдү жеткирүү мөөнөттөрү жана бирдиктүү тарифтерди колдонуу мүмкүнчүлүктөрү боюнча пикир алмашуу болду.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар транспорттук кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө, эл аралык жүк ташуулардын географиясын кеңейтүүгө жана кыргызстандык жүк жөнөтүүчүлөр үчүн кошумча логистикалык мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришти.

Ошондой эле жаңы транспорттук багыттарды ишке ашыруу максатында тарифтердин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жана рыноктун кызыкчылыгын эске алуу менен тиешелүү маселелерди биргелешип иштеп чыгууну макулдашышты.