Муфтият «Нур Умра Трэвел» ЖЧКсынын аккредитациясы жокко чыгарылганын билдирди
Сүрөт ачык булактардан алынды
26 ноябрь

Муфтият «Нур Умра Трэвел» ЖЧКсынын аккредитациясы жокко чыгарылганын билдирди

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы «Нур Умра Трэвел» ЖЧКсынын аккредитациясы жокко чыгарылганын билдирди.

Муфтияттын билдирүүсүнө караганда, 2026-жылдын 25-ноябрында Ажылык жана умра сапарына даярдык көрүү иштери боюнча Ведомстволор аралык комиссиянын жыйыны болуп өттү. 

Жыйындын күн тартибиндеги негизги маселе «Нур Умра Трэвел» жоопкерчилиги чектелген коомунун 2026–2027-жылдардагы умра сезонунда зыяратчыларды жөнөтүү жана уюштуруу боюнча аккредитациясын жокко чыгаруу жана Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы менен түзүлгөн келишимди бир тараптуу токтотуу маселеси болду.

Жыйынтыгында Ведомстволор аралык комиссия төмөнкүдөй чечим кабыл алды:

• «Нур Умра Трэвел» ЖЧКсынын 2026–2027-жылдардагы умра сезонунда зыяратчыларды жөнөтүү жана уюштуруу боюнча аккредитациясы жокко чыгарылсын.

• Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы менен «Нур Умра Трэвел» ЖЧКсынын ортосунда түзүлгөн келишим тиешелүү жоболорго жана колдонуудагы мыйзамдардын талаптарына ылайык бир тараптуу тартипте токтотулсун.

Муфтият жогоруда кабыл алынган чечимдерге байланыштуу «Нур Умра Трэвел» ЖЧКсы умра сапарын уюштуруу укугу токтотулгандыгына байланыштуу жалпы жарандарды аталган компания аркылуу умра сапарына катталбоого, келишим түзбөөгө жана акча каражаттарын төлөбөөгө чакырды.

Ошондой эле учурда аталган компаниядан сертификат алгандарды сапарга чыкпоого чакырды.

КМДБ жарандарды умра сапарына чыгуудан мурда туристтик компаниянын аккредитациядан өткөндүгүн жана умра сапарын уюштуруу укугу бар экендигин тактап алууга чакырат.