Жогорку Кеңештин комитети 2025-жылга карата республикалык бюджеттин аткарылышы тууралуу отчетту укту
14 сентябрь

Жогорку Кеңештин комитети 2025-жылга карата республикалык бюджеттин аткарылышы тууралуу отчетту укту

Бүгүн, 14-сентябрда Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер боюнча комитетинин жыйынында Кыргыз Республикасынын 2025-жылга карата республикалык бюджетинин аткарылышы тууралуу Министрлер Кабинетинин отчету угулуп, жактырылды.

Маалымат менен финансы министринин орун басары Үмүтжан Аманбаев тааныштырып, негизги экономикалык көрсөткүчтөргө токтолду.

Талкуу маалында комитет төрайымы Гүлкан Молдобекова өткөн жылы аныкталган финансылык мыйзам бузуулар жана аларды жоюу боюнча көрүлүп жаткан чараларга кызыкса, эл өкүлдөрү Гүлнара Баатырова жана Улукбек Карыбек уулу өздөштүрүлбөй калган бюджеттик каражаттар тууралуу маселени көтөрүштү. Баяндамачы белгилегендей, өздөштүрүлбөй калган каражаттардын көлөмү 1,4 пайызды түзөт. Муну менен катар эл өкүлү Жылдыз Эгенбердиева аймактардагы социалдык инфраструктураны өнүктүрүү багытында бюджетти пландаштыруунун сапатын жогорулатуу керектигин билдирди.

Ал эми депутат Алтынбек Кудайбердиев саламаттык сактоо жана билим берүү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгилеп, бул тармактарда бюджеттик каражаттардын өздөштүрүлбөй калышына жол бербөө зарылдыгын айтты. «Мисалы, саламаттык сактоо системасына 44 млрд сом каралып, анын ичинен 1,5 млрд сомго жакын каражат өздөштүрүлбөй калган», – деди.

Андан тышкары, жыйында Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун жана Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2025-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчеттору угулуп, жактырылды. Аталган маселелер боюнча Министрлер Кабинетине караштуу Социалдык фондунун төрагасы Бактияр Алиев жана Саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Тилек Мамадалиев баяндама жасашты.

Талкуу учурунда комитет мүчөлөрү пенсиялык системаны жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу тутумун мындан ары өркүндөтүү, алардын финансылык туруктуулугун камсыз кылуу жана каражаттарды натыйжалуу пайдалануу маселелерине көңүл бурушту.