Ошто жактоочу кармалды, ал 18 млн сом жана 34 миң  долларлык алдамчылыкка шектелүүдө
Ош ШИИБ
14 сентябрь

Ошто жактоочу кармалды, ал 18 млн сом жана 34 миң долларлык алдамчылыкка шектелүүдө

Ош шаарында Ш.А., аттуу жактоочу ири суммадагы алдамдчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Тергөөнүн маалыматына таянсак, адвокат кызматын аркалаган Ш.А. Ош шаарынын жашоочусу Г.А.га карата козголгон кылмыш иштин алкагында, 2024-жылдын ноябрь-декабрь айларында мамлекеттин эсебине төлөнүүгө тийиш болгон 18 млн сомду башка эсепке, ошондой эле Г.А.га карата мындан ары башка кылмыш иштерин козготпоо маселесин чечип берүү үчүн 34 миң АКШ долларын алгандыгы аныкталган.

Бирок Ш.А. өзүнө алган милдеттенмелерин аткарбастан, ошондой эле Г.А.га карата кылмыш ишин козготпоого реалдуу мүмкүнчүлүгү жок экендигин билип туруп, анын ишенимин кыянаттык менен пайдалануу жолу менен жогоруда көрсөтүлгөн акча каражаттарын өз кызыкчылыгына коротуп, ар кандай негизсиз шылтоолор менен бүгүнкү күнгө чейин кайтарып берүүдөн баш тарткан.

Натыйжада, Г.А.га өзгөчө ири өлчөмдө материалдык зыян келтирилген.

2026-жылдын 30-августунда саат 19:07де шектүү Ш.А. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

2026-жылдын 1-сентябрында ага карата КРнын КЖКнин 209-беренесинин (алдамчылык). 4-б. 1,4-п. көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен айыбы угузулуп, Ош шаардык соту тарабынан 2026-жылдын 26-сентябрына чейин камакка алынган.

Учурда аталган кылмыш иши боюнча тергөө амалдары улантылууда.