Кыргызстанда акыркы төрт жылда салыктык түшүүлөр дээрлик үч эсеге чейин өстү
2025-жылы Кыргызстандын ИДПсынын реалдуу өсүшү 11,1%ды түзүп, ИДПнын көлөмү болжол менен 2 триллион сомго жетти. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча ведомстволор аралык комиссиясынын 18-жыйынында билдирди.
Анын айтымына караганда, Мамлекеттик салык кызматы тарабынан башкарылган салыктардын жана төлөмдөрдүн көлөмү дээрлик үч эсеге — 2021-жылдагы 106 миллиард сомдон 2025-жылы 308 миллиард сомго чейин өстү.
Ошол эле мезгил аралыгында бажы түшүүлөрү 47 миллиард сомдон 157 миллиард сомго чейин көбөйдү.
Өлкөнүн мындан ары да динамикалуу жана ар тараптуу өнүгүүсүн камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасын 2030-жылга чейин өнүктүрүү боюнча улуттук программа бекитилди.
Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди адалдоого каршы аракеттенүү боюнча 2026–2030-жылдарга карата мамлекеттик стратегияны иштеп чыгууда санариптик технологиялардын өнүгүшүнө байланыштуу жаңы чакырыктар жана өзгөрүүлөр да эске алынууда.
