Бишкекте базарда жарандардын ортосунда чыр чыккан. Окуянын чоо-жайы
Ленин РИИБдин басма сөз кызматы
14 сентябрь

Бишкекте базарда жарандардын ортосунда чыр чыккан. Окуянын чоо-жайы

Бишкектеги «Баткен» базарынын аймагында жарандардын ортосунда чыр чыккан

Ленин райондук милициясынан кабарлашкандай, окуя ушул жылдын 13-сентябрында болгон, аталган факты Маалыматтарды эсепке алуу журналына катталган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө чыр-чатакка катышкан жарандар - 2006-жылы туулган О.Б. жана 1998-жылы туулган С.Б. милиция бөлүмүнө жеткирилген.

Жаран О.Б. арыз жазуудан баш тарткан. Ошол эле учурда социалдык тармактарда анын эпилепсия менен ооруй тургандыгы тууралуу тараган маалымат өз ырастоосун тапкан эмес. Аталган божомол окуяга күбө болгон адамдар тарабынан айтылып, видеожазууга түшүп калган.

1998-жылы туулган С.Б.га карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренесинде (Майда бейбаштык) каралган укук бузуу боюнча протокол түзүлдү. Топтолгон материалдар мыйзамда белгиленген тартипте чечим кабыл алуу үчүн сотко жөнөтүлөт.

Милиция жарандарды коомдук жүрүм-турум эрежелерин сактоого, чыр-чатактарга жана укукка каршы аракеттерге жол бербөөгө чакырат. Ар кандай талаш-тартыштарды күч колдонбостон, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде, башка жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузбастан чечүү зарыл.