Кышка кам көрүү: Муниципалдык инспекция майда көмүрдү сатып албоону жана жакпоону эскертет
Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясы 13 ммге чейинки майда фракциядагы көмүрдү сатууга коюлган тыюунун сакталышын көзөмөлдөө максатында отун-көмүр базаларында рейддик иш-чараларды баштады.
Мындай майда көмүрдүн жылуулук берүү жөндөмдүүлүгү төмөн болуп, күйүү учурунда көп өлчөмдө чаң пайда кылат жана атмосфералык абанын булганышына алып келет.
Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында 0–13 мм фракциядагы чачма көмүрдү колдонууга тыюу салган. Тиешелүү №639 «Атмосфералык абаны коргоо боюнча айрым чаралар жөнүндө» токтом 2025-жылдын 6-октябрында кабыл алынган.
Рейддик иш-чаралардын алкагында инспекторлор көмүр базаларынын ээлери менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, белгиленген талаптарды так сактоо зарылдыгын эскертишүүдө. Жылытуу мезгилинин алдында калкка майда фракциядагы көмүрдү сатууга жол бербөөгө өзгөчө көңүл бурулууда.
