Көк бөрү жана көкпар боюнча финалдык мелдештердин билеттери үчүн акча каражаттарын кайтарууга табыштамалар 20-сентябрга чейин кабыл алынат
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Улуттук электрондук билет системасы (УЭБС) аркылуу көк бөрү жана көкпар боюнча финалдык мелдештерге жалпысынан 7 000 билет сатылган.
УЭБСтин маалыматына ылайык, анын ичинен 4 409 билет валидациядан өткөн, 2 591 билет валидациядан өтпөй калган.
Сатып алган билеттерин пайдалана албай калган жарандар акча каражаттарын кайтарып алуу үчүн 2026-жылдын 20-сентябрына чейин, ошол күндү кошкондо, табыштама бере алышат.
Табыштама төмөнкү электрондук дарекке жөнөтүлүшү керек:
nebs@minculture.gov.kg
Табыштамада төмөнкү маалыматтарды көрсөтүү зарыл:
* арыз ээсинин аты-жөнү;
* байланыш телефону;
* тапшырыктын же билеттин номери;
* билеттин пайдаланылбай калышынын жагдайлары.
Ошондой эле электрондук билет жана төлөм жүргүзүлгөндүгүн ырастоочу документ — чек, квитанция, электрондук төлөмдү ырастоочу же башка тиешелүү документ тиркелүүгө тийиш.
Ар бир табыштама жекече тартипте каралат. Текшерүү учурунда билеттин УЭБС аркылуу сатылып алынгандыгы, анын статусу, валидациядан өтүшүнүн жыйынтыгы, төлөм тууралуу маалыматтар жана арыз ээси көрсөткөн жагдайлар эске алынат. Зарыл болгон учурда кошумча документтер же маалыматтар талап кылынышы мүмкүн.
Маанилүү: билеттин валидациядан өтпөй калгандыгы акча каражаттарын автоматтык түрдө кайтарып берүү үчүн негиз болуп саналбайт. Кайтарып берүү жөнүндө чечим берилген документтерди жана маалыматтарды текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча кабыл алынат.
2026-жылдын 20-сентябрынан кийин келип түшкөн табыштамалар кароого кабыл алынбайт.
Текшерүүнүн жыйынтыгында акча каражаттарын кайтарып берүү укугу ырасталган табыштамалар боюнча төлөмдөр 2026-жылдын 5-октябрынан кечиктирилбестен жүргүзүлөт.
Кайтарып берүү үчүн негиздер жок болгон учурда, табыштама ээсине баш тартуунун себеби көрсөтүлгөн тиешелүү билдирүү жөнөтүлөт.
