Жалал-Абадда дайынсыз жоголгон 16 жаштагы Элмар изделүүдө
14 сентябрь

Жалал-Абадда дайынсыз жоголгон 16 жаштагы Элмар изделүүдө

Жалал-Абад облустук милициясы Базар-Коргон районунун Бай-Мундуз айылынын тургуну 2010-жылы туулган Элмар Орозалиевди издеп жатат. 

Ал 2026-жылдын 11-сентябрында саат 07:00 чамасында үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда.

Белгилери: бою 165–170 см, ак жүздү, орто дене түзүлүштө, чачы жана каш-көзү кара.

Кийими: ак футболка, кара түстө шым, түстөгү спорттук кийим, бутунда кара тапочка.

Милиция Элмар тууралуу маалыматы барларды төмөнкү номерлер аркылуу кабарлап коюну өтүнөт: 102 | (03736) 5-02-61 | 0771 92 22 23.