Кыргызстандын мамлекеттик карызы $8,9 млрд түздү, анын $1,4 млрд Кытайга туура келет
Сүрөт ачык булактардан алынды
14 сентябрь

Кыргызстандын мамлекеттик карызы $8,9 млрд түздү, анын $1,4 млрд Кытайга туура келет

Кыргызстандын мамлекеттик карызы $8,9 млрд түзөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, айлана-чөйрөнү коргоо комитетинин жыйынында Каржы министринин орун басары – Борбордук казыналыктын директору Үмүтжан Аманбаев билдирди.

Анын айтымында, анын $5,3 млрд тышкы карызга, ал эми $3,6 млрд ички карызга туура келет.

Аманбаев Кыргызстандын Кытай алдындагы карызына да токтолду. Учурда анын көлөмү $1,4 млрд түзүп, тышкы карыздын жалпы көлөмүндөгү үлүшү 27%дан төмөндөгөн.

Анын айтымында, буга чейин бул көрсөткүч болжол менен 40%ды түзгөн.

Министрдин орун басары белгилегендей, 2021-жылга чейин насыялар бюджеттин тартыштыгын каржылоого жана карыздарды төлөөгө да тартылып келген. Кийинчерээк каражаттарды экономиканы өнүктүрүүгө багыттоо жагына басым жасала баштаган.

Анын айтымында, тышкы карыздар негизинен инфраструктуралык жана экономикалык долбоорлорго, анын ичинде мектептерди жана жолдорду курууга, ошондой эле билим берүү жана саламаттык сактоо тармактарына жумшалууда.

Аманбаев ошондой эле жети айдын жыйынтыгы боюнча Кытай алдындагы карыздын бюджеттин киреше бөлүгүнө карата катышы 16%га чейин төмөндөгөнүн билдирди.

«Башкача айтканда, азыр Кытай алдындагы жалпы карызды толугу менен төлөсөк, ал бюджетибиздин 16%ын түзөт. Бул аны төлөй аларыбызды билдирет. Бул үчүн өзүнүн механизми бар», – деди ал.

Министрдин орун басарынын маалыматына караганда, мурда чыгарылган евробонддорду эске алуу менен да 2030-жылга карата мамлекеттик карыздын жыйында айтылган көрсөткүчү 23%га чейин төмөндөшү керек.