Көңүл буруңуздар! Киев көчөсүндө кыймыл жарым-жартылай чектелиши күтүлүүдө
«Бишкекжылуулуктармагы» муниципалдык ишканасы Киев жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишиндеги жумуштар аяктагандыгын маалымдайт.
Кийинки этаптын алкагында 30-июлдан тарта Киев көчөсүнүн Абдрахманов менен Шопоков көчөлөрүнүн ортосундагы, ошондой эле Шопоков менен Ибраимов көчөлөрүнүн ортосундагы тилкелеринде жылуулук тармактарын алмаштыруу жумуштары башталат.
Абдрахманов жана Шопоков көчөлөрүнүн ортосундагы тилкеде диаметри 159 мм түтүктөр, ал эми Шопоков жана Ибраимов көчөлөрүнүн ортосундагы тилкеде диаметри 219 мм түтүктөр алмаштырылат.
Жумуштардын жүргүзүлүшүнө байланыштуу 30-июлдан тарта аталган тилкелерде транспорттук кыймыл жарым-жартылай чектелип турат.
Борбор калаанын тургундарынан жана конокторунан каттамдарды пландаштырууда убактылуу чектөөлөрдү алдын ала эске алууну өтүнөбүз
