2026-жылы КФБ улуттук турнирлердин байге фондун кыйла көбөйттү
Кыргыз футбол биримдигинин Аткаруучу комитети 2026-жылкы футбол сезонунун башында, өлкөдөгү негизги футболдук клубдук мелдештердин байге фондун жогорулатуу чечимин кабыл алды. Бул максатта 2026-жылы КФБ тарабынан 495 000 АКШ доллары бөлүндү.
КФБ эгидасы алдында өткөн негизги футбол турнирлерине сыйлыктарды бөлүштүрүү тартиби төмөндөгүдөй болду:
✔️ Кыргыз Республикасынын Жогорку лига клубдары арасындагы чемпионатынын жалпы байге фонду 220 000 долларды түздү. Чемпион болгон командага 100 000 доллар, экинчи орунду алган командага 70 000 доллар, ал эми үчүнчү орунга татыган командага 50 000 доллар ыйгарылды.
✔️ Кыргыз Республикасынын Кубогу — 70 000 доллар (кубок ээси үчүн).
✔️ Кыргыз Республикасынын Суперкубогу — 50 000 доллар (Суперкубок ээси үчүн).
✔️ Жогорку лиганын клубдарынын экинчи курамдары арасындагы чемпионаты — жалпы байге фонду 100 000 доллар. Биринчи орун — 50 000 доллар, экинчи орун — 30 000 доллар, үчүнчү орун — 20 000 доллар.
✔️ Кыргыз Республикасынын Жаштар лигасынын чемпионаты — жалпы байге фонду 55 000 доллар. Биринчи орун — 25 000 доллар, экинчи орун — 15 000 доллар, үчүнчү орун — 10 000 доллар, төртүнчү орун — 5 000 доллар.
Өткөнкү жылдар менен салыштырсак, КФБ тарабынан байге фонду биринчи жолу 2024-жылы уюшулуп, ал 100 000 АКШ долларын түзгөн, 2025-жылы ал 230 000 АКШ долларына чейин көбөйгөн.
Белгилесек, бул жылы алгачкы ирээт байге фонду Жогорку лиганын клубдарынын экинчи курамдары арасындагы чемпионатынын жана Кыргыз Республикасынын Жаштар лигасынын чемпионаты үчүн каралды.
Бул демилге улуттук кесипкөй командалар арасындагы турнирлердин аброюн көтөрүүгө, атаандаштыкты күчөтүүгө жана футбол клубдарын кошумча шыктандырууга багытталган.
