Министрликте сарымсак өстүрүү тармагын өнүктүрүү боюнча үч тараптуу кызматташтык келишимине кол коюлду
29 июль

Министрликте сарымсак өстүрүү тармагын өнүктүрүү боюнча үч тараптуу кызматташтык келишимине кол коюлду

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде сарымсак өстүрүү тармагын өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелерине арналган жумушчу жолугушуу болуп өттү.

Жолугушууга министрдин орун басары Мирбек Дүйшеев, «Жашылча жана бакча өсүмдүктөрү» кластеринин, Россия Федерациясынын Сарымсак өстүрүүчүлөрүнүн улуттук союзунун, «Фермерский Чеснок» компаниясынын өкүлдөрү, ошондой эле министрликтин адистери, айыл чарба өндүрүүчүлөрү жана кайра иштетүүчү ишканалардын өкүлдөрү катышты.

Тараптар сарымсак өстүрүүнү өнүктүрүү, заманбап агротехнологияларды киргизүү, сапаттуу үрөндүк материалдарды колдонуу, кайра иштетүүнү, сактоо жана логистиканы жакшыртуу, ошондой эле продукцияны ички жана тышкы рынокко чыгаруу маселелерин талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги, Россия Федерациясынын Сарымсак өстүрүүчүлөрүнүн улуттук союзу жана «Жашылча жана бакча өсүмдүктөрү» кластери ортосунда үч тараптуу кызматташтык жөнүндө келишимге кол коюлду.

Келишим заманбап технологияларды жана тажрыйбаларды алмашууну, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну, фермерлерди окутууну, консультациялык колдоо көрсөтүүнү, кооперацияны өнүктүрүүнү жана сарымсак өстүрүү тармагынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууну көздөйт.