Кыргызстандын делегациясы Беларусь Республикасынын бааларды жөнгө салуу тажрыйбасын үйрөнүүдө
2026-жылдын 21-сентябрынан 26-сентябрына чейин Кыргыз Республикасынын расмий делегациясы Минск шаарында иш сапары менен жүрөт.
Беларусь Республикасынын тажрыйбасын ар тараптуу үйрөнүү максатында ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлдү. Анын курамына Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинин өкүлдөрү кирди.
Иш сапардын максаты — Беларусь Республикасынын товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө баалардын өсүшүн ооздуктоо жаатындагы тажрыйбасын, ошондой эле дары-дармектерге, социалдык мааниге ээ товарларга жана продукциянын башка категорияларына бааларды мамлекеттик жөнгө салуу механизмдерин үйрөнүү.
Иш сапардын алкагында Беларусь Республикасынын Монополияга каршы жөнгө салуу жана соода министрлигинин өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуулар жана консультациялар өткөрүлүүдө. Кыргыз делегациясы Беларусь тараптын товардык рынокторго мониторинг жүргүзүү, баалардын туруктуулугун камсыз кылуу жана керектөөчүлөрдүн кызыкчылыктарын коргоо боюнча практикалык ыкмаларын үйрөнүүдө.
