Бишкекте аз күндө 26 гектарды ээлеген жаңы автобекет пайдаланууга берилет
видеодон алынган кадр
24 сентябрь

Бишкекте аз күндө 26 гектарды ээлеген жаңы автобекет пайдаланууга берилет

Бишкекте жаңы автобекет пайдаланууга берүүгө даярдалып жатат. Бул тууралуу Президенттин Иш башкармалыгынан кабарлашты. 

Бүгүнкү күндө негизги имараттагы курулуш иштеринин 93-95%ы аткарылып, аймакты жашылдандыруу иштери 96%га жетти. Муну менен катар аймакты көрктөндүрүү иштери да активдүү жүргүзүлүүдө.

Жаңы автобекет 26 гектар аянтта жайгашкан. Имараттын жалпы аянты 30 000 чарчы метрди түзөт. Үч кабаттуу комплекс 7 блоктон, 2 эскалатордон, 4 бир орундуу жана 4 кош лифттен турат.

Президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев 23-сентябрда автобекеттин курулуш иштеринин жүрүшүн текшерди.

Анын жүрүшүндө Туманбаев аткарылып жаткан иштердин сапатына өзгөчө көңүл буруп, бардык курулуш жана инженердик иштер жогорку сапат жана ишенимдүүлүк талаптарына жооп бериши керектигин белгиледи.

Текшерүүнүн жыйынтыгында калган иштерди бүткөрүү, сапатты камсыз кылуу жана объектти пайдаланууга берүүгө даярдоо боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.

Жаңы автобекет пайдаланууга берүүгө даярдалып жатат.