Ош мэриясы
24 сентябрь
Ош шаары менен Казакстандын ортосунда соода-экономикалык, инвестициялык кызматташтыктын келечеги талкууланды
Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев 23-сентябрда Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Абылкаир Скаковду кабыл алды.
Мэриядан кабарлашкандай, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин жана келечектүү багыттары талкууланды.
Шаар башчысы Ош шаары менен Казакстандын ортосунда соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык жана туризм тармактарында тыгыз өнөктөштүк орнотулганын белгилеп, бардык багыттар боюнча өз ара байланыштарды мындан ары да бекемдөөгө кызыкдар экенин билдирди.
Ошондой эле жолугушууда өлкөлөр аралык өнөктөштүктү өнүктүрүү, жаңы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана эки тарап үчүн тең пайдалуу демилгелерди ишке ашыруу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.
