«Улуу-Элес» II эл аралык балет артисттеринин сынагы өтөт
24 сентябрь

«Улуу-Элес» II эл аралык балет артисттеринин сынагы өтөт

2026-жылдын 3–9-ноябрында Бишкек шаарында көрүнүктүү балерина, СССРдин Эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Бүбүсара Бейшеналиеванын 100 жылдыгына арналган «Улуу-Элес» II эл аралык балет артисттеринин сынагы өтөт.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги жана А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры тарабынан уюштурулуп, балет өнөрүн өнүктүрүүгө, жаш таланттарды колдоого жана Бүбүсара Бейшеналиеванын чыгармачылык мурасын даңазалоого багытталган.

Сынакка балет артисттери, кесиптик хореографиялык окуу жайлардын студенттери жана хореографтар катышат. Калыстар тобуна дүйнөлүк балет өнөрүнүн таанымал өкүлдөрү кирет. Сынактын көркөм жетекчиси — Кыргыз Республикасынын Эл артисти Айзада Тумакова.

Башкы сыйлык — Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Гран-при 200 миң сомду түзөт. Ошондой эле байгелүү орундар үчүн акчалай сыйлыктар, дипломдор жана атайын номинациялар каралган.

Бүбүсара Бейшеналиева тууралуу

Бүбүсара Бейшеналиева кыргыз профессионалдык балет өнөрүнүн калыптанышына жана өнүгүшүнө зор салым кошкон. Ал «Чолпон», «Анар», «Асель» балеттеринде жана дүйнөлүк классикалык чыгармаларда башкы партияларды аткарган.

1958-жылы ага СССРдин Эл артисти ардактуу наамы ыйгарылган. Анын чыгармачылык мурасы кыргыз балет өнөрүнүн тарыхында өзгөчө орунду ээлейт.