Саякбай Каралаевдин вариантындагы «Манас» эпосу аудиокитеп форматында жарыялана башталды
Белгилүү журналист Шайырбек Абдрахманов манасчы Саякбай Каралаевдин вариантындагы «Манас» эпосун аудиокитеп форматына өткөрүү боюнча долбоорду ишке ашырууда.
Долбоор Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен жүзөгө ашырылууда. Аны ишке ашырууга министрлик тарабынан 3 миллион сом бөлүнгөн.
Бүгүн, 23-сентябрда, аудиокитептин алгачкы бөлүгү жарык көрдү. Аны Шайырбек Абдрахмановдун YouTube каналынан угууга болот: https://youtu.be/EbpChwnVFpo?si=bBCFDLwbQVo43rI4
Долбоордун негизги максаты — кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы болгон «Манас» эпосун заманбап аудиоформат аркылуу кеңири аудиторияга жеткирүү, Саякбай Каралаевдин вариантын жайылтуу жана улуттук мурасты жаш муундар арасында даңазалоо.
Аудиокитептин кийинки бөлүктөрү этап-этабы менен жарыяланып турат.
