Жогорку Кеңеште «FAST Heroes» билим берүү долбоорун Кыргызстанда ишке ашыруу демилгеси талкууланды
23 сентябрь

Жогорку Кеңеште «FAST Heroes» билим берүү долбоорун Кыргызстанда ишке ашыруу демилгеси талкууланды

Бүгүн, 23-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаттары Жылдыз Эгенбердиева, Токтобүбү Ашымбаева жана Нуржамал Төрөбекова билим берүү жана саламаттык сактоо тармактарынын өкүлдөрү, ошондой эле эксперттер менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда балдарга инсульттун алгачкы белгилерин таанууну жана өзгөчө кырдаалдарда туура аракет көрүүнү үйрөтүүгө багытталган «FAST Heroes» (Супер баатыр) долбоорун Кыргызстандагы мектептерде ишке ашыруу маселеси талкууланды.

Депутат Жылдыз Эгенбердиева инсульттун белгилерин канчалык эрте таанып, медициналык жардамга кайрылса, бейтаптын өмүрүн жана ден соолугун сактап калуу мүмкүнчүлүгү ошончолук жогору болорун белгиледи.

«Бул долбоор жөн гана медициналык сабак эмес. Ал балдардын биринчи медициналык жардамга кайрылуу көндүмдөрүн, жоопкерчилигин жана ден соолук маданиятын өнүктүрүүгө багытталган пайдалуу демилге. Долбоордун алкагында мектеп окуучулары сүйлөө бузулушун, беттин асимметриясын, кол же буттагы алсыздыкты байкаганда кырдаалды туура баалап, тез арада жардам чакырууну үйрөнүшөт», – деди эл өкүлү.

Иш-чаранын жүрүшүндө долбоорду Кыргызстандын билим берүү системасына ылайыкташтыруу, мектептерге жайылтуу мүмкүнчүлүктөрү, эл аралык тажрыйбалар, мугалимдерди даярдоо жана окуучуларга берилүүчү медициналык маалыматтын жаш өзгөчөлүгүнө ылайык болушун камсыз кылуу маселелери каралды. Ошондой эле ата-энелерди процесске тартуу жана тиешелүү мамлекеттик органдар менен кызматташууну жолго коюу боюнча бир катар сунуштар айтылды.

Талкуунун жыйынтыгында долбоорду пилоттук негизде ишке ашыра турган жалпы билим берүү уюмдарын аныктоо, пилоттук мектептердин мугалимдерин даярдоо, Саламаттык сактоо жана Агартуу министрликтеринин өкүлдөрүнүн катышуусунда программаны ишке ашыруунун механизмдерин иштеп чыгуу тапшырмалары берилди.

Мындан тышкары, ата-энелер арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана программанын натыйжалуулугун баалоо үчүн тиешелүү көрсөткүчтөрдү иштеп чыгуу сунушталды.