Баткен шаарында жүргүзүлүп жаткан иш-чарада уурулук кылмышына шектелген жаран кармалды
29 июль

Баткен шаарында жүргүзүлүп жаткан иш-чарада уурулук кылмышына шектелген жаран кармалды

Баткен ШИИБи тарабынан өткөрүлүп жаткан «Притон», «Автоиздөө» жана «Издөө» аталышындагы ыкчам-профилактикалык иш-чаралардын жүрүшүндө уурулук кылмышына шектелген жаран кармалды.

2026-жылдын 22-июлунда Баткен ШИИБине телефон аркылуу Баткен шаарынын И. Раззаков көчөсүндө жайгашкан дүкөндөрдүн биринин кассасынан 50 миң сом акча уурдалганы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Аталган факты ошол эле күнү Баткен ШИИБдин маалыматтардын электрондук каттоо журналына катталып, тергөө тапшырмасынын негизинде кылмыш иликтөө тобунун кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлгөн.

Көрүлгөн ыкчам аракеттердин натыйжасында бул кылмышка шектүү катары Баткен районунун Кара-Бак айылынын 19 жаштагы тургуну Н.К. аттуу жаран аныкталып, кармалды.

Учурда окуя боюнча тиешелүү тергөө жана текшерүү иштери улантылууда.