ИИМ эл аралык иш-чараларга байланыштуу коопсуздук чаралары күчөтүлүүдө
29 июль

ИИМ эл аралык иш-чараларга байланыштуу коопсуздук чаралары күчөтүлүүдө

Чолпон-Ата шаарында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри, милициянын генерал-полковниги Улан Ниязбеков башкы башкармалыктардын, башкармалыктардын Ысык-Көл, Чүй облустарынын жана Бишкек шаардык ички иштер органдарынын жетекчилери менен жумушчу кеңешме өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө Ысык-Көл облусунун аймагында мамлекеттик сапарларды, эл аралык иш-чараларды жана мамлекет башчыларынын катышуусундагы "Борбор Азия – Азербайжан" Консультативдик жолугушусун өткөрүү мезгилинде коомдук коопсуздукту, укук тартибин жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу маселелери каралды. Мындан тышкары, «UIM F1H2O дүйнө чемпионаты Кыргызстандын гран-приси. «Ысык-Көл-2026» эл аралык спорттук иш-чарасында коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чаралар талкууланды.

Министр алдыдагы иш-чаралар эл аралык деңгээлде өзгөчө мааниге ээ экенин белгилеп, ички иштер органдарынан жогорку уюшкандыкты, бекем тартипти жана коюлган милдеттерди кынтыксыз аткаруу талап кылынаарын баса белгиледи.

Кеңешмеде коомдук тартипти сактоо, укук бузуулардын алдын алуу, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу, объекттердин терроризмге каршы корголушун күчөтүү, туристтердин жана өлкөнүн конокторунун коопсуздугун камсыз кылуу, ошондой эле күтүлбөгөн кырдаалдарга ыкчам чара көрүүгө күч жана каражаттардын даярдыгына өзгөчө көңүл бурулду.

Улан Ниязбеков аймактык бөлүмдөрдүн жетекчилерине бардык кызматтардын иш-аракеттерин так координациялоону камсыз кылууну, алдын алуу иштерин күчөтүүнү, ыкчам кырдаалга күнү-түнү көзөмөл жүргүзүүнү жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча бардык зарыл чараларды көрүүнү тапшырды.

«Бардык бөлүмдөр бирдиктүү жана кесипкөй иш алып барууга тийиш. Коомдук коопсуздукту жогорку деңгээлде камсыз кылуу, коомдук тартипти бузууга жол бербөө жана өлкө жарандары, расмий делегациялар, чет элдик коноктор жана туристтер үчүн коопсуз шарттарды түзүү зарыл», – деп белгиледи министр.

Туристтердин агымынын көбөйүшүнө байланыштуу адамдар көп топтолгон жайларда, эс алуу аймактарында, унаа жолдорунда, ошондой эле суудагы коопсуздукту камсыз кылууга өзгөчө көңүл буруу тапшырмасын берди.

Коюлган милдеттерди аткаруу үчүн Ысык-Көл облусуна Ички иштер министрлигинин борбордук аппаратынын кызматтарынан, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынан, Кайгуул-күзөт кызматынан жана ички иштер органдарынын түзүм-бөлүмдөрүнөн кошумча кызматкерлер тартылды.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча аймактык бөлүмдөрдүн жетекчилерине эл аралык иш-чараларды өткөрүү учурунда мыйзамдуулукту, кызматтык тартипти жана коомдук коопсуздукту жогорку деңгээлде камсыз кылуу боюнча конкреттүү милдеттер коюлду.