Президент Садыр Жапаров “Келечек оюндары – 2026” турниринин ачылышына катышты
29 июль

Президент Садыр Жапаров “Келечек оюндары – 2026” турниринин ачылышына катышты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 29-июлда, Астана шаарында (Казакстан Республикасы) өткөн эл аралык мультиспорттук “Келечек оюндары – 2026” мелдешинин ачылыш аземине катышты.

Иш-чарага Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев жана Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон катышты.

Касым-Жомарт Токаев мелдештерди ачып, сөз сүйлөдү. Ошондой эле Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин видеокайрылуу аркылуу катышуучуларга салам жолдоду.

29-июлдан 9-августка чейин өтө турган беттештерге 34 өлкөдөн сегиз инновациялык дисциплина боюнча келген 800дөн ашуун спортчу катышат.