Аткезчилик үчүн казылган болушу мүмкүн. Баткенде жашыруун тоннель табылды
Аткезчилик үчүн казылган деп болжолдонгон тоннель аныкталды, деп билдирет Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, Баткен ОИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасы менен Өзбекистан Республикасы чек ара тилкесинде аткезчилик менен алектенүү максатында туннель казуу иштери жүрүп жаткандыгы боюнча маалымат түшкөн.
Аталган маалыматты текшерүү учурунда Кадамжай районунун Исхак-Полотхан айыл аймагынын Чекелик айылынын Т.Мамажанов көчөсүнүн кароосуз калган үйдүн мал сарайынын ичинде Кыргыз Республикасы менен Өзбекистан Республикасы менен чектешкен чек ара тилкесинде коңшулаш мамлекетке карай тереңдиги 12 метр, туурасы 1,5 метр аткезчилик менен алектенүү максатында казылган туннель аныкталып, аткезчиликти болтурбоо максатында аталган туннель казуу иштерине бөгөт коюлду.
Бул жагдай боюнча Баткен ОИИБдин Тергөө кызматы тарабынан тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.
