Тогуз-Торо районунда 75 орунга эсептелген бала бакча курулууда
Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районуна караштуу Арал айылында 75 орунга эсептелген заманбап жаңы бала бакчанын курулушу башталды.
Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда, тендердик баасы 43 млн сомдон ашат.
Долбоого ылайык, бала бакчада балдардын коопсуздугу жана ыңгайлуулугу үчүн бардык заманбап жабдуулар менен камсыздалат.
Курулуш-монтаждоо иштери бардык курулуш нормаларына жана талаптарына ылайык аткарылат. Көзөмөл Курулуш министрлигинин алдындагы Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан жүргүзүлөт.
