Борбор Азия Стартап Кубогу 24-апрелинде өз ишин баштады
Борбор Азия Стартап Кубогу бүгүн, 2025-жылдын 24-апрелинде өз ишин баштады. Дүйнөлүк деңгээлдеги венчурдук фонддор менен ангел инвесторлор клубдарынын башын бириктирген эл аралык форум 300 миллион долларлык капиталга ээ.
Эки күнгө созулган бул иш-чара Борбор Азиядагы стартаптар үчүн глобалдык инвесторлор менен түз байланыш түзүүгө, идеяларын таанытууга жана келечектүү өнөктөштүктөрдү курууга чоң мүмкүнчүлүк түзүүгө багытталган.
Катышуучулар питч-сессияларга, панелдик талкууларга, мастер-класстарга жана нетворкинг иш-чараларына күбө болуп жатышат.
15тен ашуун дүйнөгө белгилүү инвестордук фонддор жана ангел клубдары кызыктуу талкуу курууда.
Алар:
- Sturgeon Capital
- Pegasus Tech Ventures
- Domino Ventures
- White Hill Capital
- Big Sky Capital VC
- BGlobal Ventures
- Most Ventures
- MA7 Ventures
- AV Frontiers
- AloqaVentures
- IT Park Ventures
- My Ventures
- Tajikistan Venture Capital
- Activat VC
- United Ventures
- Silk Road Angels Club
- chAngels
Форумду уюштуруучулар: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги (Кыргызпатент), Central Asia Startup CUP форуму Accelerate Prosperity акселератору – Кыргызстандын №1 бизнес-акселератору, Улуу Британия Өкмөтү тарабынан каржыланган Борбор Азиядагы инклюзивдүү жашыл өнүгүү программасы.
