Жети-Өгүздө 100 орундуу жаңы бала бакча ачылды 
Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду
15 сентябрь

Жети-Өгүздө 100 орундуу жаңы бала бакча ачылды 

Жети-Өгүз районунун Жалгыз-Өрүк айылында 100 орундуу жаңы бала бакча ачылды. Бул тууралуу Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду кабарлайт. 

Билдирүүдө айтылгандай, объекттин курулушу 2023-жылы башталган. 

Эки кабаттуу бала бакчанын жалпы аянты 874 чарчы метрди түзөт.

Долбоорду ишке ашырууга Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду тарабынан 58 млн 217 миң 220 сом каражат бөлүнгөн. Бөлүнгөн каражаттын эсебинен курулуш иштери жүргүзүлүп, бала бакчанын айланасы көрктөндүрүлүп, жашылдандырылып, керектүү эмеректер жана заманбап жабдуулар менен камсыздалды.

Жаңы бала бакчада бөбөктөрдүн билим алуусуна, тарбияланышына жана ар тараптуу өнүгүүсүнө бардык шарттар түзүлгөн.