Баткен облусунда сегиз жаңы билим берүү уясы ачылды
Баткен облусунун бардык билим берүү мекемелеринде бүгүн, 15-сентябрда жаңы окуу жылынын башталышына арналган салтанаттуу иш-чаралар өттү.
Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов Баткен районунун Төрт-Гүл айыл аймагындагы Жаңы-Жер айылында жаңыдан пайдаланууга берилген 500 орундуу Жаңы-Жер жалпы билим берүү мектебиндеги салтанаттуу иш-чарага катышты.
Облус башчысы мугалимдер жамаатын жана окуучуларды жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктап, өлкөдө балдардын сапаттуу билим алуусуна шарт түзүү жана мугалимдердин эмгегин баалоо мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи.
Ошондой эле бул багыттагы иштер мындан ары да улантыларын айтып, жаңы мектептин жамаатына белектерин тапшырды жана бир катар мугалимдерди сыйлады.
Белгилей кетсек, быйылкы жаңы окуу жылында Баткен облусунда 15 миң 300 бала биринчи класска кабыл алынды.
Учурда облуста 236 мамлекеттик жана 22 жеке менчик билим берүү мекемесинде жалпы 131 миң 543 окуучу билим алууда. Аларга 8 миң 471 мугалим билим берүүдө.
Билим күнүн утурлай облуста 8 билим берүү мекемеси пайдаланууга берилди. Алар:
1. Баткен районунун Төрт-Гүл айыл аймагынын Жаңы-Жер айылындагы 500 орундуу мектеп;
2. Кадамжай районунун Майдан айыл аймагынын Айырбаз айылындагы «Кыргызстандын 10 жылдыгы» атындагы 500 орундуу мектеп;
3. Баткен шаарынын Аэропорт участкасындагы 225 орундуу мектеп;
4. Баткен районунун Самаркандек айылындагы «Бала Нур» балдар бакчасынын кошумча имараты;
5. Лейлек районунун Тайлан участкасындагы «Ак-Шоола» мектепке чейинки билим берүү мекемеси;
6. Лейлек районунун Ак-Арык айылындагы 120 орундуу «Бүчүр» балдар бакчасы;
7. Кадамжай шаарындагы «Ыйман» балдар бакчасы;
8. Баткен районунун Үч-Дөбө айылындагы «Үч-Дөбө» балдар бакчасы.
Кыргыз Республикасынын Президентинин
Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн
