ЮНЕСКО: Дүйнөдөгү ар бир алтынчы бала мектепке барбайт
Мектепке барбаган балдардын жана жаштардын саны жетинчи жыл катары менен өсүп, 273 миллион адамга жетти. Бул тууралуу ЮНЕСКОнун Билим берүүнү мониторингдөө боюнча дүйнөлүк баяндамасында (2026-жыл) айтылат — бул билим берүү абалы боюнча негизги глобалдык маалымат булагы болуп эсептелет.
Баяндамага ылайык, дүйнөдө мектеп курагындагы ар бир алтынчы бала билим берүү системасынан тышкары калууда, ал эми окуучулардын үчтөн экөөсү гана орто мектепти аяктайт. Мектепке барбоонун өсүшүнүн негизги себептери катары калктын санынын көбөйүшү, кризистер жана бюджеттин кыскарышы көрсөтүлгөн.
ЮНЕСКОнун башкы директору Халед аль-Анани:
«Жыл сайын көп жаштар билим алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырап жатат. Ошол эле учурда 2000-жылдан бери башталгыч жана орто билим менен камтылуу 30%га өстү, көптөгөн өлкөлөр олуттуу ийгиликтерге жетишүүдө», — деп белгиледи.
Баяндамада 2015-жылдан бери прогресстин темпи дээрлик бардык аймактарда жайлап калганы, айрыкча Сахаранын түштүгүндөгү Африка өлкөлөрүндө байкалганы айтылат. Балдардын алтыдан бир бөлүгүнөн көбү жаңжал аймактарында жашайт, бул мектепке барбаган балдардын санын миллиондогон көрсөткүчкө көбөйтөт. Жакынкы Чыгышта региондогу чыңалуу көптөгөн мектептердин жабылышына алып келип, балдарды билим алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраткан.
Кыйынчылыктарга карабастан, айрым өлкөлөр олуттуу ийгиликтерге жетишкен:
- Мадагаскар жана Того — балдардын мектепке барбоосун азайтуу;
- Марокко жана Вьетнам — өспүрүмдөр арасында;
- Грузия жана Түркия — жаштар арасында;
- Кот-д’Ивуар 2000-жылдан бери бардык курактык топтордо мектепке барбоону эки эсеге кыскарткан.
2000-жылдан бери дүйнө жүзүндө башталгыч жана орто билим менен камтылуу 30%га өстү. Мектепке чейинки билим берүүдө окугандардын саны 45%га, орто билимден кийинки деңгээлде 161%га көбөйгөн. Ар бир мүнөт сайын 25тен ашуун бала билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болууда.
Гендердик айырмачылык дээрлик жоюлган: айрым өлкөлөрдө теңчиликке багытталган реформалардын натыйжасында кыздар балдарга жетип, айрым учурда алардан да алдыга чыккан. Окууну аяктоо көрсөткүчү 2000-жылдан бери башталгыч билимде 77%дан 88%га, толук эмес орто билимде 60%дан 78%га, ал эми толук орто билимде 37%дан 61%га өскөн.
Баяндама инклюзивдүү билим берүүгө болгон көңүл буруунун күчөгөнүн да белгилейт: мыйзамдарда инклюзивдүү окутууну бекиткен өлкөлөрдүн үлүшү 1%дан 24%га чейин өскөн. Ал эми мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды жалпы билим берүү чөйрөсүндө окутууну караган өлкөлөрдүн үлүшү 17%дан 29%га жеткен.
Докладда бир дагы чара билим алууга жалпыга жеткиликтүүлүктү камсыз кылбай турганы белгиленген. Натыйжалуу саясат жергиликтүү шарттарды эске алган комплекстүү чечимдерди талап кылат — социалдык колдоо, инфраструктуралык долбоорлор жана балдар эмгегине тыюу салган мыйзамдардын айкалышы зарыл.
ЮНЕСКО 2030-жылдан кийинки глобалдык билим берүү күн тартибин калыптандыруу жана билим алууга жеткиликтүүлүктү кеңейтүү үчүн өкмөттөр, өнөктөштөр жана жарандык коом менен кызматташууну улантат.
