Сүрөт ачык булактардан алынды
25 август
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын башкы штабы күнү-түнү иштейт
1–6-сентябрь күндөрү Кыргызстандын Ысык-Көл облусунда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштуруу жана өткөрүүгө байланыштуу жарандар, катышуучулар жана коноктор бардык суроолор боюнча Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Башкы штабына кайрыла алышат.
Башкы штаб күнү-түнү иштеп, иш-чараларга байланыштуу маалыматтык колдоо көрсөтөт. Ошондой эле кайрылууларды кабыл алып, зарыл болгон маалыматтарды берет жана жаралган маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтөт.
Ыкчам байланыш каналдары:
- Өзгөчө кырдаалдар боюнча номер: 1225
- WhatsApp / Telegram: +996 552 252 037
