Суусамыр – Талас – Тараз унаа жолун оңдоо: 220 техника жана 500гө жакын кызматкер иштеп жатат
Суусамыр – Талас – Тараз унаа жолунун IV фазасында тиешелүү иштер аткарылып жатат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Учурда 104,6–197,6-чакырымдар аралыгындагы жолду реконструкциялоо иштери уланууда.
Транспорт министринин орун басары Момбеков Бактылуу Аскар уулу Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында иштин жүрүшүнөн кабар алды.
Долбоордун алкагында жол курууга 220 бирдик атайын техника жана 473 кызматкер тартылган.
Бүгүнкү күндө Талас – Тараз багытындагы жолдо асфальт басуу иштери жүргүзүлүүдө.
Буга байланыштуу министрдин орун басары тиешелүү кызматтарга жол куруу иштеринин сапатын камсыз кылуу жана жумуштардын жүрүшүн тездетүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.
Долбоор толук ишке ашкандан кийин жолдун өткөрүмдүүлүгү жогорулап, жарандар жана транзиттик транспорт үчүн ыңгайлуу, коопсуз жана сапаттуу жүрүү шарттары түзүлөт.
