Сүрөт ачык булактардан алынды
25 август
Урмат Абдукаимов футбол боюнча улуттук кураманын башкы машыктыруучусу болду
Урмат Абдукаимов Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу болуп дайындалды.
Кыргыз футбол биримдигинен кабарлашкандай, тиешелүү чечим аткаруу комитетинин бүгүнкү жыйынында кабыл алынды.
Абдукаимов аталган кызматка Роберт Просинечкинин ордуна келди. Жаңы башкы машыктыруучуга улуттук кураманы алдыдагы эл аралык мелдештерге, анын ичинде 2027-жылкы Азия кубогуна даярдоо милдети жүктөлөт.
Урмат Абдукаимов Азия футбол конфедерациясынын А категориясындагы машыктыруучулук лицензиясына ээ. Буга чейин ал Кыргызстандын U-23 Олимпиадалык курама командасын жана Жогорку Лиганын "Талант" клубун жетектеген.
