«Нелегал-2026»: Ысык-Көлдө 303 чет өлкөлүк мыйзамсыз жүргөнү аныкталды
КР УКМК Ысык-Көл облусунун ИИБ менен биргеликте «Нелегал-2026» ыкчам-профилактикалык иш-чараларынын алкагында миграциялык мыйзамдардын талаптарын бузуу фактыларын аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган рейддик иш-чараларды өткөрдү.
2026-жылдын 13-августунан 21-августуна чейинки аралыкта чет өлкөлүк жумушчу күчүн пайдаланган 31 объект, ошондой эле жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн келген 1015 чет өлкөлүк жарандын документтери текшерилди.
Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзамсыз жүргөн 303 чет өлкөлүк жаран аныкталды. Мыйзам бузуучуларга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, жалпы суммасы 2 млн 701 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Учурда 8 чет өлкөлүк жаранды өлкөнүн аймагынан чыгарып кетүү боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Жүргүзүлүп жаткан иштер улуттук коопсуздукту камсыз кылууга, коомдук тартипти сактоого жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүүгө багытталган.
КР УКМК Кыргыз Республикасынын аймагына кирүү, анда болуу, каттоодон өтүү эрежелерин бузуу, ошондой эле тиешелүү уруксат берүүчү документтерсиз эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке, анын ичинде өлкөнүн аймагынан чыгарып кетүүгө жана андан кийин өлкөгө кирүүгө чектөө коюуга алып келерин эскертет.
Чет өлкөлүк жарандар, иш берүүчүлөр жана кабыл алуучу тараптар Кыргыз Республикасынын миграциялык мыйзамдарынын талаптарын так сактоого тийиш.
