Балыкчыда батирлердин чарчы метри 81 миң сомго жакындады
Сүрөт ачык булактардан алынды
25 август

Балыкчыда батирлердин чарчы метри 81 миң сомго жакындады

Балыкчы районунда 2026-жылдын июль айында батирдин бир чарчы метринин орточо баасы 80 896,17 сомго жетти.

Бул Кыргызстандын аймактарынын ичиндеги эң жогорку көрсөткүчтөрдүн бири. Маалыматтар Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан берилген.

Ошол эле учурда Балыкчы районунда турак үйдүн бир чарчы метринин орточо баасы 56 790,7 сомду түздү.

Демек, батирлердин бир чарчы метри турак үйлөргө салыштырмалуу 24,1 миң сомго же 42 пайызга кымбат болгон.

Салыштыруу үчүн, Каракол–Ак-Суу районунда батирдин бир чарчы метри 80 971,38 сомду түзүп, Балыкчыдагы көрсөткүчкө дээрлик тең болгон.