ӨКМ башчысы Жалал-Абад облусундагы бир катар маанилүү объекттердеги иштердин жүрүшүнөн кабар алды
видеодон алынган кадр
25 август

ӨКМ башчысы Жалал-Абад облусундагы бир катар маанилүү объекттердеги иштердин жүрүшүнөн кабар алды

Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө аймакта аткарылып жаткан бир катар маанилүү иштердин жүрүшү менен жеринен таанышты. Бул тууралуу ведомстводон кабарлашты.

Алгач министр Көк-Арт жана Кара-Дарыя дарыяларынын жээктеринде курулуп жаткан коргоочу дамбалардын абалын жеринен көрүп чыкты.

Курулуш иштеринин сапатына жана белгиленген мөөнөттө бүткөрүлүшүнө өзгөчө көңүл бурулуп, тиешелүү кызмат жетекчилерине бир катар тапшырмалар берилди.

Мындан сырткары, Дүйнөлүк банктын «ERIK» долбоорунун алкагында курулуп жаткан №27 Бакиров атындагы 500 орундуу мектептин курулушу менен таанышты.

Министр курулуш иштеринин сапаттуу жүргүзүлүшүнө өзгөчө маани берүү зарылдыгын белгилеп, жооптуу тараптарга тиешелүү көрсөтмөлөрдү берди.

Иш сапардын жүрүшүндө министр Жалал-Абад – Казарман – Балыкчы альтернативдүү автоунаа жолунун 38-чакырымында курулуп жаткан өрт өчүрүү жана куткаруу бөлүгүнүн имаратынын курулуш иштерин да жеринен көрүп чыкты.

Курулуш иштеринин жүрүшү талкууланып, объектти сапаттуу жана белгиленген мөөнөттө пайдаланууга берүү боюнча тиешелүү тапшырмалар коюлду.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан Жалал-Абад облусунда жарандардын коопсуздугун камсыздоо, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана алардын кесепеттерин азайтуу багытындагы маанилүү инфраструктуралык объекттердин курулушу туруктуу көзөмөлгө алынууда.