Ош шаарында оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөң балдар бакчасы кайрадан эшигин ачты
Бүгүн, 25-августта, Ош шаарынын У. Салиева көчөсү, № 15а дарегинде жайгашкан “Мурас” мектепке чейинки балдар билим берүү уюмунун имараты капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, балдар үчүн эшигин кайрадан ачты. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Ачылыш аземине Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, шаардык мекеме-ишканалардын жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышышты.
Капиталдык оңдоп-түзөө иштери жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлүп, анын алкагында 1-кабаттагы эшиктер жана пол төшөлмөлөрү жаңыланды. Ошондой эле чатыр оңдолуп, имараттын сырты жылууланып, травертин менен капталды.
Ачылыш аземинде шаар башчысы балдар үчүн ыңгайлуу жана коопсуз шарттарды түзүү шаар бийлигинин артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгилеп, тарбиялануучуларга ийгиликтерди каалады. Жергиликтүү тургундар жана ата-энелер жүргүзүлгөн иштерге ыраазычылыгын билдиришти.
Жаңыланган “Мурас” балдар бакчасы эми балдарга заманбап жана жайлуу шартта билим жана тарбия алууга мүмкүнчүлүк берет.
