ДКО-2026: ачылыш аземине келген коноктор үчүн акысыз шаттл-автобустар уюштурулат
Сүрөт ачык булактардан алынды
25 август

ДКО-2026: ачылыш аземине келген коноктор үчүн акысыз шаттл-автобустар уюштурулат

Бишкек шаарынын мэриясы VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземине билет сатып алган же чакыруу алган көрүүчүлөр «Бишкек Аренага» чейин акысыз шаттл-автобустар менен жеткирилерин эскертет.

Шаттл-автобустар шаардын ар кайсы райондорунда жайгашкан 21 багыттагы токтоо жайынан каттайт. Көрүүчүлөргө өздөрүнө ыңгайлуу болгон жөнөө пунктун алдын ала тандап, салтанат өтүүчү жерге акысыз транспорт менен баруу сунушталат.

Иш-чара аяктагандан кийин шаттл-автобустар көрүүчүлөрдү кайра жеткирип барат. Бишкек шаарынын мэриясы кайтууда алгачкы отурган жерине туура келген маршрутту пайдаланууну сунуштайт.

Шаттл-автобустардын жөнөө пункттары:

1. Ибраимов жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилиши;
2. Жибек Жолу проспектиси менен Кулиев  көчөсүнүн кесилиши (мурдагы Батыш автобекети);
3. Барпы Алыкулов көчөсү, 32 (Киркомстрой);
4. А. Токомбаев көчөсү, 3/7 (Асанбай кичи району);
5. Ак-Кула автобекети - Кожомкул айылы, Фрунзе көчөсү, 13B/1;
6. Ауэзов көчөсү, 4 (Аламүдүн-1 кичи району);
7. Тунгуч кичи районунун акыркы аялдамасы, 64/1;
8. Аул көчөсү, 10А/1 (Кожзавод)
9. Жибек Жолу проспектиси, 263/2 (мурдагы Чыгыш автобекети);
10. Иса Ахунбаев жана Достоевский көчөлөрүнүн кесилиши (Көк-Жар   конушу);
11. Алтымышев  көчөсү, 98/1;
12. Байтик айылы, Ала-Арча көчөсү, 1/6 (Globus);
13. Эркиндик бульвары, 1/A (Темир жол бекети);
14. Иманалы Айдарбеков көчөсү, 287 (мурдагы Жаш Гвардия бульвары);
15. Малдыбаев көчөсү, 275/6 (Жаштар кварталы);
16. Шабдан Баатыр көчөсү (азыркы Чүй проспектиси), 52 (ДЭПО-2);
17. Москва көчөсү, 239, 4-электр автобустарынын (ДЭПО-1) акыркы бекети;
18. Дэн Сяопин проспектиси (азыркы Чүй проспектиси), 209;
19. Тимур Фрунзе көчөсү (Айыл чарба институту);
20. Ала-Тоо көчөсү, 115 (Ала-Тоо конушу);
21. Тыналиев  көчөсү, 16.