Гульзат Исаматова менен Өзбекстан Республикасынын Жогорку билим берүү министри эки тараптуу жолугушуусу
2026-жылдын 29-июлунда III Кыргыз-Өзбек ректорлор форумунун алкагында Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гульзат Исаматова менен Өзбекстан Республикасынын жогорку билим берүү, илим жана инновациялар министри Конгратбай Шариповдун эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевдин саясий эркинин жана өз ара ишениминин негизинде кыргыз-өзбек мамилелери болуп көрбөгөндөй жогорку деңгээлге - ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүккө көтөрүлгөнүн белгилешти.
Жогорку билим берүү, илим жана инновациялар тармагындагы кызматташууну мындан ары өнүктүрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Министрлер III Кыргыз-Өзбек ректорлор форумунун өткөрүлүшү академиялык жана илимий кызматташууну кеңейтүүдөгү маанилүү практикалык кадам болуп саналарын, ошондой эле Өзбекстан Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасына боло турган мамлекеттик сапарына даярдык көрүүгө олуттуу салым кошорун белгилешти.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө кыргыз тарап Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги менен Өзбекстан Республикасынын Жогорку билим берүү, илим жана инновациялар министрлигинин ортосунда жогорку кесиптик билим берүү чөйрөсүндө академиялык кредиттерди өз ара таануу жөнүндө Макулдашуунун долбоорун макулдашуу боюнча ички мамлекеттик жол-жоболор аяктаганын маалымдады.
Тараптар ошондой эле кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын талкуулап, студенттердин, окутуучулардын жана жаш окумуштуулардын академиялык мобилдүүлүгүн кеңейтүү, биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, ошондой эле жаштардын инновациялык ишкердигин өнүктүрүү маселелерине токтолушту.
Жолугушуунун жыйынтыгында министрлер өнөктөштүктү мындан ары тереңдетүүгө өз ара кызыкдар экендиктерин ырастап, III Кыргыз-Өзбек ректорлор форумунун жыйынтыктары жана эки өлкөнүн жогорку окуу жайларынын ортосунда жаңы эки тараптуу документтерге кол коюлушу илим, жогорку билим берүү жана инновациялар тармагындагы кызматташтыкты эки бир тууган элдин кызыкчылыгы үчүн жаңы деңгээлге көтөрүүгө кошумча дем берерине ишеним билдиришти.
