Ош мэриясы
6 октябрь
200 миң сом акчалай сыйлык: Ошто мугалимдер күнү белгиленди
Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында 5-октябрь мугалимдер күнүнө карата өткөн салтанаттуу иш-чарада мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктады.
Өз сөзүндө мэр кыргыз мугалими басып өткөн татаал жолду, азыркы түзүлгөн шарттар жана муктаждыктарды айтып өттү.
Майрамдык салтанаттын алкагында “Жылдын мыкты мугалими-2026” республикалык сынагында 1-орунду багындырган мугалимдер - Ашимжан Кебеков жана Айжан Гафаровага мэриянын атынан 200 миң сом акчалай сыйлык тапшырылды.
Ошондой эле кечеге КР Агартуу министринин биринчи орун басары Мухтарбек Баймурзаев, ЖК депутаты Салтанат Аманова, шаардык кеңештин төрагасы Болотбек Баетов катышты.
