Бүгүн, 6-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитетинин «Илим жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө» мыйзамдарынын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча жумушчу тобу тиешелүү мамлекеттик органдардын, жогорку окуу жайлардын жана илимий-изилдөө институттарынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.
Жыйында аталган комитеттин төрагасы Ырысбек Атажанов илим тармагындагы мыйзамдардын аткарылышын системалуу көзөмөлдөөнүн маанилүүлүгүнө токтолуп, жумушчу топ 2026-жылдын 15-июнунда түзүлгөнүн жана ага депутат Токтобүбү Ашымбаева төрайымдык кыларын белгиледи.
«Илим жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө» мыйзамдардын аткарылышы тууралуу маалыматты Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин орун басары Лира Сулайманова, Улуттук илимдер академиясынын президенти Бекмамат Женбаев жана Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Жогорку аттестациялык комиссиянын Бекбосун Борубашов беришти.
Жумушчу топтун төрайымы Токтобүбү Ашымбаева жолугушууну өткөрүү мыйзамдардын аткарылышынын жүрүшү тууралуу толук жана так маалымат алуу зарылдыгына байланыштуу уюштурулганын айтты. Эл өкүлү белгилегендей, жумушчу топ түзүлгөндөн берки 3,5 айдын ичинде мыйзамдардын аткарылышынын натыйжаларын толук баалоого мүмкүндүк бере турган зарыл маалыматтар берилген эмес.
Депутат бюджеттик каражаттарды пайдалануу жана илимий мекемелердин материалдык-техникалык базасын камсыздоо маселелерине да өзгөчө көңүл буруп: «Сиздер материалдык-техникалык базаны жакшыртуу тууралуу айтып жатасыздар. Бирок акыркы жылдары каржылык каражаттардын өздөштүрүлбөй калган учурлары байкалууда. Илим мамлекеттин, экономиканын жана социалдык чөйрөнүн өнүгүшүнө реалдуу салым кошууга тийиш», – деди.
Муну менен катар Токтобүбү Ашымбаева илимий потенциалды өнүктүрүүгө, илимий-изилдөө иштерин каржылоого жана мамлекеттик социалдык тапшырыктарды ишке ашыруу механизмдерине өзгөчө көңүл буруу керектигин кошумчалады.
Жыйынтыгында Жогорку Кеңештин Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитетинин жумушчу тобу тиешелүү мамлекеттик органдарга «Илим жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө» мыйзамдардын аткарылышы, анын ичинен аларга карата иштелип чыккан мыйзам алдындагы актылар тууралуу кеңири маалымат берүүнү жана илим тармагында орун алган көйгөйлөрдү чечүү жолдорун аныктоону табыштады.
