сүрөт жасалма интеллекттин жардамы менен жасалды
6 октябрь
Кыргызстанда аялдар эркектерге караганда орточо сегиз жыл узак жашайт
Кыргызстанда эркектер менен аялдардын өмүрүнүн узактыгында олуттуу айырма сакталууда.
2025-жылдын маалыматына ылайык, төрөлгөндө күтүлгөн жашоо узактыгы эркектерде 68,7 жашты, аялдарда 76,9 жашты түзгөн.
Аялдар менен эркектердин өмүрүнүн узактыгынын айырмасы сегиз жылдан ашат.
Пенсия курагына жетүү ыктымалдыгы аялдарда 90%дан жогору болсо, эркектерде болжол менен 80%ды түзөт.
Жаш курак өткөн сайын аялдардын саны эркектерге караганда көбөйөт. 80 жаштан жогорку курактагы аялдардын саны эркектерге караганда дээрлик эки эсе көп.
2026-жылдын башына карата эркектердин орточо жашы 28,2 жашты, аялдардыкы 30,1 жашты түзгөн.
