Түштүк Кореядагы массалык мушташ учурунда кыргыз жарандары жабыркады
2026-жылдын 3-октябрынан 4-октябрына караган түнү Корея Республикасынын Пхёнтхэк шаарында массалык мушташ учурунда Кыргыз Республикасынын бир нече жараны денесинен жаракат алышкан.
КР Тышкы иштер министрлигинен кабарлашкандай, ошол эле күнү Кыргызстандын Кореядагы консулу окуя болгон жерге ыкчам барып, кармалган Кыргыз Республикасынын жарандары, Корея Республикасынын укук коргоо органдары жана медициналык мекемелери менен жолугушууларды өткөрдү.
Жаракат алган мекендештердин абалына туруктуу негизде мониторинг жүргүзүлүп, алардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча бардык зарыл чаралар көрүлүүдө.
Жаракат алган жана кармалган Кыргыз Республикасынын жарандарынын туугандары менен байланыш түзүлгөн. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Жогоруда аталган маселе министрликтин өзгөчө көзөмөлүндө турат.
