Кыргызстан калктын картаюу босогосуна жакындады
Сүрөт ачык булактардан алынды
6 октябрь

Кыргызстан калктын картаюу босогосуна жакындады

Кыргызстан калкы улгайып бара жаткан өлкөлөрдүн катарына жакындады.

2026-жылдын башына карата 65 жаштан жогорку курактагы жарандардын үлүшү 6,4%ды же 475 миңден ашык адамды түздү.

БУУнун классификациясына ылайык, 65 жаштан жогорку адамдардын үлүшү 4%дан аз болсо, калк жаш деп эсептелет. 4%дан 7%га чейин болсо, өлкө калктын картаюу босогосунда турат, ал эми 7%дан ашса, калкы улгайган өлкөлөрдүн категориясына кирет.

БУУнун болжолуна ылайык, 2030-жылга карата Кыргызстанда 65 жаштан жогорку жарандардын үлүшү 7%га жакындайт.

Ошол эле учурда өлкөнүн калкы азырынча салыштырмалуу жаш бойдон калууда. 2026-жылдын башында калктын орточо жашы 28,9 жашты түзгөн.