Кыргызстан менен Оман айыл чарба жана суу чарбасында кызматташтыкты кеңейтет
Кыргызстан менен Омандын ортосунда айыл чарба жана суу чарба тармактарындагы кызматташтыкты кеңейтүү, инвестиция тартуу жана заманбап технологияларды киргизүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Бул тууралуу КР суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде министрдин биринчи орун басары Илич Марсбек уулунун Омандын инвестициялар башкармалыгынын жана Ад-Дахилия губернаторлугунун өкүлдөрү менен жолугушуусунда сөз болду.
Жолугушууда агроөнөр жай продукциясын кайра иштетүү, балык чарбасы жана аквакультура, органикалык айыл чарбасы, органикалык жер семирткичтерди өндүрүү, топурактын асылдуулугун жогорулатуу, ошондой эле ветеринардык жана лабораториялык инфраструктураны өнүктүрүү маселелери талкууланды.
Ошондой эле суу ресурстарын натыйжалуу пайдалануу, заманбап сугат технологияларын киргизүү жана суу үнөмдөө боюнча тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүктөрү каралды.
Мындан тышкары, Кыргызстандын улуттук спутнигин эске алуу менен айыл чарба жана суу ресурстарына спутниктик мониторинг жүргүзүү, аралыктан зонддоо маалыматтарын биргелешип пайдалануу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар тажрыйба алмашууну улантууга, инвестиция тартууга жана айыл чарба менен суу чарба тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экендиктерин билдиришти.
