видеодон алынган кадр
7 октябрь
Новопокровкада таштанды жана кургак чөп өрттөгөн ишканага 23 миң сом айып пул салынды
Ысык-Ата районунун Новопокровка айылынын тургунунун видео кайрылуусунун негизинде Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй регионалдык башкармалыгы тарабынан жеринде рейддик текшерүү жүргүзүлдү.
Текшерүүнүн жүрүшүндө жергиликтүү ишкананын аймагында таштандыларды, кургак чөптөрдү, жалбырактарды жана башка калдыктарды өрттөө фактысы аныкталды.
Аныкталган мыйзам бузуунун негизинде ишкананын жетекчилигине Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык 23 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Мындан тышкары, айлана-чөйрөнү коргоо талаптарын сактоо, калдыктарды өрттөөгө жол бербөө жана экологиялык коопсуздук эрежелерин так аткаруу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
