Кыргызстанда АИВ инфекциясына каршы күрөшүү системасы чыңдалууда: CDC менен кызматташуунун натыйжасында дарылоо менен камтуу 80 пайызга жетти
Кыргызстанда Америка Кошмо Штаттарынын Өкмөтү, АКШнын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборлору (CDC) менен көп жылдык кызматташуунун жана PEPFAR программасынын колдоосунун натыйжасында АИВ инфекциясын аныктоо жана дарылоо багытында олуттуу ийгиликтерге жетишилди.
2017–2026-жылдар аралыгында биргелешип аткарылган иштердин жыйынтыктары АИВ жана кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди көзөмөлдөө боюнча республикалык борбор тарабынан уюштурулган иш-чарада тааныштырылды.
Негизги жетишкендиктердин бири — АИВ менен жашаган адамдарды тестирлөө жана дарылоо менен камтуунун кеңейиши болду. Кызматташтык мезгилинде АИВ статусун билген адамдардын үлүшү 59 пайыздан 78 пайызга чейин өстү. Антиретровирустук терапия менен камтуу 51 пайыздан 80 пайызга, ал эми вирустук жүктөмү басылган бейтаптардын үлүшү 58 пайыздан 91 пайызга чейин жогорулады.
PEPFAR программасынын колдоосу менен Бишкек, Ош шаарларындагы, Чүй жана Ош облустарындагы медициналык жайларда 6 миңден ашык адам антиретровирустук терапияны алууда. Бул жайларда дарыланып жаткан бейтаптардын 97 пайыздан ашыгынын вирустук жүктөмү басылган.
Лабораториялык диагностиканы өнүктүрүү багытында да маанилүү жыйынтыктарга жетишилди. 2026-жылы референс-лаборатория ISO 15189 эл аралык стандарты боюнча аккредитациядан өтүп, Кыргызстанда АИВ инфекциясын диагностикалоо багытында аккредитацияланган биринчи лаборатория болду. Бул лабораториялык изилдөөлөрдүн сапатын жана ишенимдүүлүгүн жогорулатуудагы маанилүү кадам болуп саналат.
Кызматташуунун алкагында медициналык кызматкерлердин кесиптик дараметин жогорулатууга, клиникалык протоколдорду жана улуттук ченемдик-укуктук базаны өркүндөтүүгө да өзгөчө көңүл бурулду. Учурда жетишилген натыйжаларды сактоо жана топтолгон тажрыйбаны улуттук саламаттык сактоо системасына өткөрүп берүү маанилүү милдеттердин бири болуп саналат. Даярдалган адистер насаатчы жана мастер-тренер катары өлкөнүн бардык аймактарындагы кесиптештерине өз билимдерин жана практикалык тажрыйбаларын өткөрүп беришет.
Бул маселелер АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчисинин орун басары Мэтью Хабиновски, CDCнин директору доктор Рамона Батия, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Анара Мамбетисаева, ошондой эле өлкөнүн аймактарынан келген медициналык адистер катышкан жолугушууда талкууланды.
Иш-чаранын алкагында АИВ инфекциясына каршы күрөшүүгө жана саламаттык сактоо тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн аймактардагы медициналык кызматкерлерге АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин ыраазычылык каттары тапшырылды.
Катышуучулар АКШнын Өкмөтүнө, CDC командасына, доктор Рамона Батияга жана медициналык кызматкерлерге көп жылдык өнөктөштүк жана АИВ инфекциясынын алдын алуу, аныктоо жана дарылоо боюнча улуттук системаны чыңдоого багытталган биргелешкен иш үчүн ыраазычылык билдиришти.
